КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22-майы № 404-IV
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын
жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 19-декабрындагы № 874 токтом) "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (Ю.А.Данилов) жана Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитети (А.А.Шадиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Мадумаров
|