КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-майы № 419-IV
А.К.Мадумаровдун өзүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Төрагасынын кызматынан чакыртып алуу
жөнүндө арызы тууралу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 141-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызматынан чакыртып алуу жөнүндө А.К.Мадумаровдун арызы канааттандырылсын.
Төраганын орун басары | К.Исабеков
|