Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 23-майы № 411-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын
Камбарата-2 ГЭСин куруу боюнча демилгеси жөнүндө
Камбарата-2 ГЭСинин курулушун Мамлекеттик маанидеги бүткүл элдик курулуш деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобунун демилгесин талкуулап жана Жогорку Кеңештин Отун энергетика комплекси жана кен казынасын пайдалануу боюнча комитетинин чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевден төмөнкүлөр өтүнүлсүн:
- Камбарата-2 ГЭСин курууну Мамлекеттик маанидеги бүткүл элдик курулуш деп жарыялоо жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобунун демилгесин колдоого алуу;
- "Электростанциялары" ААКсынын башкаруу аппаратын Каракөл шаарына көчүрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Камбарата-2 ГЭСин куруунун жүрүшүн координациялоо боюнча республикалык штаб түзсүн;
- жогоруда көрсөтүлгөн объектти куруу үчүн атайын квалификация боюнча кадрларды "Нарынгидроэнеркурулуш" ААКсынын билдирмелерине ылайык даярдоону уюштурсун;
- келечекте инфраструктураны өнүктүрүү менен турак үйлөрдү жана маданий-тиричилик багытындагы объекттерди курууну тездетүү боюнча чараларды көрсүн;
- курулуш үчүн калктын аманаттарын тартуу максатында узак мөөнөттүү (5 жылдан ашык) мамлекеттик заем чыгаруу маселесин иликтесин.
3. Камбарата-2 ГЭСин куруу боюнча дирекция республиканын жарандарынын жана уюмдарынын ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн келип түшүүчү каржы каражаттарын топтоо жана максаттуу пайдалануу үчүн атайын эсептешүү эсебин ачсын.
4. Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна максаттуу материалдык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуу жасалсын.
5. Республиканын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Камбарата-2 ГЭСинин куруунун жүрүшүн кеңири жана ар тараптуу чагылдырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялансын.
Төрага | А.Мадумаров
|