Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 23-майы № 410-IV
2008-жылдын 23-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 23-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Мадумаровдун демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"1999-жылдын 25-августунда кол коюлган 1993-жылдын 5-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскер объекттерин пайдалануунун тартиби жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы Региондук террорчулукка каршы түзүм жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"2007-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2007-жылдын 5-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштурууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 21-сентябрында кол коюлган, "Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунун "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги билимге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу" гранты (JFPR Proect № 9108) жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2007-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага | А.Мадумаров
|