Редакцияот 30.05.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 30-майы № 434-IV

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы

эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын

Президентинин каршы пикирлери жөнүндө

 

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 2005-жылдын 17-январында кабыл алынган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.

 

Төрага

А.Тагаев