Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 30-майы № 435-IV
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-
экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү
тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
карата Кыргыз Республикасынын
Президентинин каршы пикирлери жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2007-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган жана өз ара алгылыктуу вариантын иштеп чыксын.
Төрага | А.Тагаев
|