Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 5-июну № 463-IV
"Андаш" алтын кенин иштетүүнүн айланасында орун алган
абалды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык
комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Андаш" алтын кенин иштетүүнүн айланасында орун алган абалды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкү Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Б.Т.Абдырасаков;
С.М.Ибрагимов;
Д.А.Молдошева;
Р.И.Отунбаева;
А.Т.Сейтказиев.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.М.Ибрагимов комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия менен, ошондой эле Талас районунун жашоочуларынын демилге тобу менен тыгыз байланышта иштесин.
4. Комиссия иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
Төрага | А.Тагаев
|