Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-июну № 475-IV
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.К.Курманов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитети (И.Ш.Өмүркулов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|