Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 3890-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1) Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин курамынан депутат Наталья Владимировна Никитенко чыгарылсын;
2) депутаттар:
Наталья Владимировна Никитенко Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин курамына;
Ажибай Айтиевич Калмаматов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин;
3) депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу:
Эркин Жумабаевич Алымбеков Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин курамынан;
Канатбек Кедейканович Исаев Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин курамынан;
Нурлан Чолпонбаевич Сулайманов Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков
|