Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 3891-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин курамынан депутат Бакыт Эргешевич Төрөбаев чыгарылсын;
депутаттар:
Бакыт Эргешевич Төрөбаев Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин курамына;
Уланбек Калдарович Нуркулов Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков
|