Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-июну № 516-IV
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 21-апрелиндеги № 152 токтом) "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын жана көрсөтүлчү кызматтардын) тизмегин, азык-түлүк кризиси чыккан же ага коркунуч туулган учурда белгиленген рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээлин жана соода үстөгүнүн чектүү деңгээлин караган биринчи зарылдыктагы товарларды баа жагынан мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө нормативдик укуктук актыны тапшырсын;
- республиканын бюджетинде ушул жылга жана кийинки жылдарга тиешелүү өзгөрүүлөрдү карасын.
Төрага | А.Тагаев
|