Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 31-декабры № 835
«Кумтор» долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндө
Алтын казып алуу тармагына кошумча чет элдик инвестицияларды тартуу жана анын экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, иш-аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана «Кумтөр» долбоорунан бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүү, ошондой эле эл аралык «Центерра Голд Инк.» («Centerrf Gold Ink.) алтын казып алуучу акционердик компаниясынын иш-аракетине «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жана «Кумтөралтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН), толуктоолор жана өзгөртүүлөр жөнүндө» мурда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-августундагы № 276-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.«Кумтөр» алтын кенин иштеп чыгуу жагынан долбоорду реструктуралаштыруу жөнүндө «Камеко Корпорейшн» корпорациясынын «Кыргызалтын» акционердик коому (АК) менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.
2.Төмөнкү:
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кумтор Голд Компани» жана «Центерр Голд Инктин» ортосундагы инвестициялык макулдашуунун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Кумтөр Голд Компанинин» ортосундагы оңдолгон жана толукталган Концессиалдык келишиминин;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» АКнын «Камеко Корпорейшн» корпорациясынын жана «Центерр Голд Инк» компаниясынын ортосундагы 1994-жылдын 31-майындагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен 1992-жылдын 2-декабрындагы Башкы макулдашууну новациялоо жана иш-аракетин токтотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долборлору жактырылсын.
3.«Кыргызалтын» АКыга жана «Камеко Корпорейшн» корпорациясына «Кумтөр» Голд Компани» компаниясынын, «Центерр Голд Инк» компаниясынын аларга таандык акцияларын «Кумтөр» долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндө Макулдашуунун шарттарына ылайык анын акциясынын ордуна берүүгө уруксат алынсын:
4.Төмөнкүлөр көңүлгө алынсын:
-«Центерр Голд Инк» компаниясы «Камеко Корпорейшн» корпорациясынын жана анын туунду компнияларынын укугун улантуучу жана «Кумтөр» долбооруна чет өлкөлүк инвестор болуп санала тургандыгы:
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,»Кумтөр» Голд Компанинин» жана «Центерр Голд Инктин» ортосундагы Инвестициялык макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» АК жана «Камеко Корпорейшн» («Камеко Корпорейшн» катышкан компанияларды кошо алганда) «Кумтөр» долбоору жагынан 1992-жылдын 4-декабрындагы Башкы макулдашуу боюнча Кыргызстан Өкмөтүнүн жана канаданын «Камеко Корпорейшн» корпорациясынын ортосундагы иштерге карата алардын бардык милдеттенмелеринен жана жоопкерчилигинен бошотулат жана бул Башкы макулдашуу андан ары жараксыз болуп эсептелет;
-«Центерр Голд Инк», «Кумтөр Голд Крмпани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жана Инвестициялык макулдашуунун жоболорун эске алуу менен ишке ашырышат.
5.Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуулардын ар бир Тарабына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул макулдашууларда каралган бардык укуктар жана жеңилдиктер берилсин.
6.Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары:
-«Кыргызалтын» АК менен бирдикте ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтулгөн макулдашуулардын жоболорун ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшсүн жана «Кумтөр» долбоорун андан ары жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам жана көмөк көрсөтүшсүн;
-өз компитенцияларынын чектеринде «Кумтөр» долбоорунун иш-аракетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү контролдукту камсыз кылышсын.
7.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети «Кыргызалтын» АК менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Кыргызалтын» АКынын ортосундагы Макулдашуунун долбоорун Дүйнөлүк банктын сын-пикирлерин эске алуу менен иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
8.Бул токтом «Кумтөр» долбоору боюнча иштердин бүткүл мезгилинин мчинде колдонулат.
9.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен казып алуу тармактары бөлүмүнө жана юридика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |