Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-июну № 566-IV
Кыргыз Республикасынын суу-ирригациялык көз
карандысыздыгын камсыз кылуу жөнүндө
Союз мезгилинде калыптанып, бардык союздук республикалар үчүн жалпы болуп саналган суу-ирригациялык тутумдун натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын көптөгөн айылдары коңшу мамлекеттердин аймагында курулган каналдар аркылуу суугат суусу менен камсыз кылынат. Бүгүнкү күндө мындай каналдардын саны ондон ашык. Каналдан аккан суунун көлөмүн биздин адистер үзгүлтүксүз контролдоп тура албайт, ошондуктан Кыргыз айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн толук камдуу түшүмүн алуу үчүн сугат суусунун жетишсиз болуусунун учурлары көбөйүп кеткен. Ошонун айынан миңдеген гектар жерлер кайрак жерлерге айланууда. Натыйжада чегарага жакын аймактарда жашаган айылдык товар өндүрүүчүлөр түшүмдү аз алуу менен экономикалык кыйынчылыктарга туш болууда, ал эми чыгымдар өзүн актабай калууда. Бул элдин нааразылыгын, ички жана тышкы миграцияны күчөтүүдө.
Жогоруда баяндалгандарды жана жарандардын көп сандаган даттанууларын эске алып, ошондой эле улуттар аралык чыр чатактарды болтурбоо, жарандардын конституциялык укуктарын коргоо жана мамлекеттик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- алар боюнча суугат суусу агып келинүүчү ондон ашык каналдар алардын аймагында курулган Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын айылдарынын суу-ирригациялык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы 2008-жылдын 1-октябрына чейин иштеп чыгуу;
- 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун иштеп чыгууда республиканын суу-ирригациялык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын каржылоону кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргелешип ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2008-жылдын 10-октябрына чейин маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков) менен Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|