Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-июну № 571-IV
2008-жылдын 27-июнуна Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 27-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Бишкек шаарында 2008-жылдын 30-апрелинде кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну (Н358-0 КG) ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө" 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Маданият тармагында кызматташтык жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 20-июнунда кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" (№ Н371-КG) долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" (№ Н390-КG) долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2002-жылдын 21-февралындагы Министрлер Комитетинин Көз (2002)3 резолюциясы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) уставына кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Көчүп келүү процесстерин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин укуктарын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2008-жылдын 17-апрелинде кол коюлган Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү боюнча долбоордун токой өсүмдүктөрүн калыбына келтирүү компоненти үчүн № ТF 091334 РHRD даярдоо гранты боюнча Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 25-июнунда кол коюлган "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" (№ Н391-КG) долбоорун кошумча каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"И.Айдарбековдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 169-IV "Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жер казынасын геологиялык изилдөөгө, пайдалуу кендер чыккан жерлерди чалгындоого жана иштетүүгө лицензияларды берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 24-майындагы № 292-III токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагында турган имараттарды, курулуштарды, кызматтык турак жайларды жана аймактарды пайдалануу жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|