Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-июну № 572-IV
"2008-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү
Ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош
шаарларынын шаардык инфраструктурасы"
(Н358-0 КG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө
Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 13-июнундагы № 291 токтом) "2008-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" (Н358-0 КG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Долбоорду аткаруунун натыйжалуулугун арттыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын коомдоштуктарын өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" (Н358-О КG) долбоору боюнча каржылоо каражаттарынын пайдаланылышына катуу көзөмөлдү жана отчеттуулукту орнотсун жана долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине жана Региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине мезгил мезгили менен маалыматтарды берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети (Э.С.Арсалиев) Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинен бир депутатты аныктасын жана ага көрсөтүлгөн маселелерди координациялоону жүктөсүн.
Төрага | А.Тагаев
|