Редакцияот 27.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 27-июну № 577-IV

"Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган

Кыргыз Республикасы Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын

ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо

долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын

27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону

ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамын кабыл алуу тууралу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 19-июнундагы № 314 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Тагаев