Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-июну № 581-IV
И.Айдарбековдун элесин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө
Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында тургандардын бири, 1924-1925-жылдары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Революциялык Комитетинин төрагасы, иш жүзүндө анын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органынын туңгуч жетекчиси болгон, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле анын сиңирген эмгегине жараша тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Бишкек шаарынын Эркиндик сейил багындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн Аллеясында И.Айдарбековго бюст орнотуу тапшырылсын.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинен жана Бишкек шаарынын мэриясынан борбор шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирин И.Айдарбеков атындагы көчө деп атоо жөнүндө маселени кароо өтүнүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Тагаев
|