Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-июну № 585-IV
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
тарабынан жер казынасын геологиялык изилдөөгө, пайдалуу
кендер чыккан жерлерди чалгындоого жана иштетүүгө
лицензиялардын берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча
убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жер казынасын геологиялык изилдөөгө, пайдалуу кендер чыккан жерлерди чалгындоого жана иштетүүгө лицензиялардын берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттарынын курамында убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
О.А.Аттокуров;
А.Б.Байтиков;
А.К.Иманалиева;
К.С.Исабеков;
А.А.Кенжебаева;
А.С.Кулбаев;
Б.Э.Төрөбаев.
2. Комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков шайлансын.
3. Комиссия иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Төрага | А.Тагаев
|