Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-июну № 587-IV
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү
Ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2008-жылдын
17-апрелинде кол коюлган Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү
боюнча долбоордун токой өсүмдүктөрүн калыбына келтирүү
компоненти үчүн № TF 091334 PHRD) даярдоо гранты боюнча
Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 19-июнундагы № 313 токтом) "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2008-жылдын 17-апрелинде кол коюлган Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү боюнча долбоордун токой өсүмдүктөрүн калыбына келтирүү компоненти үчүн № TF 091334 РНRD) даярдоо гранты боюнча Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|