Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 5-сентябры № 600-IV
"Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 23-апрелиндеги № 173 токтом) "Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|