Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-сентябры № 605-IV
Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)
Турсунбек Акундун 2007-жылда Кыргыз Республикасындагы
адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин
абалы жөнүндө баяндамасы тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 30-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбек Акундун 2007-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбек Акундун 2007-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө баяндамасы эске алынсын.
2. Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү парламенттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында адамдын конституциялык укуктарын бузган жана мына ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбек Акундун 2007-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө баяндамасында (§ 2. Жарандардын жашоого жана дене-боюна кол тийбестикке болгон укуктарын коргоо) аттары аталган ички иштер жана прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырылсын жана натыйжалары тууралу Жогорку Кеңешке 2008-жылдын 1-ноябрына чейин маалымдалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Т.Акун Омбудсмен (Акыйкатчы) институту менен Жогорку Кеңештин өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды 2008-жылдын 1-ноябрына карата киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | К.Исабеков
|