Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-сентябры № 607-IV
2008-жылдын 12-сентябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 12-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасындагы турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"1992-жылдын 18-декабрындагы № 1141-XII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-мартындагы № 272-IV токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчылары менен консультанттарына, ошондой эле Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Автотранспорт ишканасынын кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|