КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-сентябры № 622-IV
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбеков жана А.А.Шадиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|