Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-сентябры № 632-IV
2008-жылдын 19-сентябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 19-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле аларга теңештирилген адамдар үчүн жеңилдетилген барып-келүү укугун өз ара таануу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 1993-жылдын 12-мартындагы протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган 2006-2010-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги согуштун ардагерлеринин, чакан чыр-чатактардын, тынчтыкты коргоочу операциялардын катышуучуларынын жана террорчулуктан жабыр тарткандардын жашоосунун сапатын жакшыртууну жана эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун алдын алууну өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын 2008-жылда каржылоо жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча Борборазиялык региондук маалыматтык координациялоо борборун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Президенттин каршы пикирлери тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Президенттин каршы пикирлери жөнүндө;
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактарын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатып өткөрүүгө, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Президенттин каршы пикирлери жөнүндө;
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын азыркы түзүмүн талдоо жүргүзүү жана Төраганын 2008-жылдын 18-июнундагы ОД № 192 тескемеси менен түзүлгөн аны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү боюнча жумушчу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|