Редакцияот 19.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 19-сентябры № 634-IV

"Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары,

ошондой эле аларга теңештирилген адамдар үчүн жеңилдетилген

барып-келүү укугун өз ара таануу жөнүндө макулдашууга

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 1993-жылдын

12-мартындагы протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 26-майындагы № 242 токтом) "Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле аларга теңештирилген адамдар үчүн жеңилдетилген барып-келүү укугун өз ара таануу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 1993-жылдын 12-мартындагы протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Тагаев