Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 3921-V
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына мурда тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана орун жайларынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына мурда тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана орун жайларынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Азыркы мезгилде республиканын саламаттык сактоо уюмдарында өтө оор кырдаал түзүлгөн. Акыркы 20 жылдын ичинде бир дагы оорукана курулган эмес, имараттарды ремонттоого бюджеттен керектүү каражаттар бөлүнбөй жатат. Ооруканалардын имараттары өтө эски жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Оорулуулар стационарда дарылануу үчүн айлап кезекте турушат. Ооруканалардагы палаталарда орун жок, оорулуулар коридорлордо жатышат. Калктын саны иш жүзүндө эки эсеге көбөйүп кеткен шаарлар менен ири райондордун борборлорунда абал өтө оор. Мында саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарынын саны азайып кеткен.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2012-жылдын 27-мартындагы жана 2014-жылдын 28-январындагы чечимдери менен жумушчу топтор түзүлгөн, алар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына мурда тиешелүү болгон жер участокторун жана орун жайларын текшерүүнү жүзөгө ашырышкан.
Бишкек, Ош шаарларынын, Ош, Ысык-Көл жана Чүй областтарынын саламаттык сактоо уюмдарынын аймактарын текшерүүнүн жыйынтыгында саламаттык сактоо уюмдарынын аймактарын жеке ишкерлерге берүү жана аларды максатсыз багыттарда пайдалануу боюнча фактылар белгилүү болду. Төрөт үйлөрүндө, ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын көп жер аянттары жана орун жайлары мэриялардын муниципалдык менчик башкармалыктары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан Саламаттык сактоо министрлиги менен алдын ала макулдашпай туруп, сатылып кеткен же узак мезгилге ижарага берилген.
Өлкөдө балдардын төрөлүшү жылдан жылга көбөйүүдө. Маселен, 2013-жылы 152487 бала төрөлгөн, бул 2012-жылга салыштырганда 5175 балага көп. Ошол эле мезгилде, төрөт бөлүмдөрүндө койкалардын саны көбөйгөн эмес, аларда палаталар жык толгон. Ушуга карабастан, Бишкек шаарынын № 1 жана № 2 төрөт үйлөрүнүн, Ош шаардык перинаталдык борборунун (азыркы учурда Дарылап калыбына келтирүү боюнча балдар борборунун) орун жайлары сатылып кеткен. Ысык-Көл аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имараты Ысык-Көл биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген.
Санитардык нормалар жана эрежелер (СНжЭ) жана курулуш нормалары бузулуу менен саламаттык сактоо уюмдарынын аймактары бир нече жылдын ичинде көп эсеге азайган.
Мисалы, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын, Ош областтар аралык дарылап калыбына келтирүү боюнча балдар борборунун жер участоктору жана орун жайлары, Түп аймактык ооруканасынын терапевтикалык бөлүмүнүн орун жайы сатылып кеткен. Ысык-Көл областтык бириктирилген ооруканасынын, Ысык-Көл областтык СПИД борборунун жер участокторунун жана орун жайларынын бир бөлүгү, Саламаттыкты сактоонун Ысык-Көл областтык башкармалыгынын, Ысык-Көл областтык онкология жана кургак учукка каршы диспансеринин, балдар ооруканасынын, стоматологиялык эмканасынын мурдагы имараттары менчиктештирилген. Кара-Суу балдар ооруканасынын 2 гектар жер участогу, Ош областтар аралык учукка каршы балдар ооруканасынын аймагында жайгашкан орун жайлар сатылып кеткен.
Ооруканалардын аймагында жеке адамдарга таандык болгон курулуштар башаламан курулган, бул калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратууда.
Маселен, курулуш нормаларын бузуу менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан сатылган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы корпусунун бир бөлүгү жеке адам тарабынан бузулуп, эки кабаттуу имарат курулган.
Сокулук аймактык ооруканасынын аймагында санитардык-гигиеналык нормалар бузулуу менен жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жанындагы жер участогу сатылып, ал жерге түштөнүү залы бар дүкөн курулган. Оорукананын орун жайларынын жана жер участокторунун бир бөлүгү менчик аптека салуу үчүн сатылып кеткен.
Өлкөнүн бардык региондорунан оор абалдагы оорулуулар кайрылышкан борбордун ооруканаларында орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, алардын орун жайларынын бир бөлүгү сатылып кеткен же ижарага берилген. Маселен, 14 жылдан бери Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Бишкектеги № 6 шаардык ооруканасынын корпусу "Көздүн микрохирургиясы" госпиталына ижарага берилип келе жатат. Мурда ал жерде эки сменада иштеген лаборатория, 50 неврологиялык жана 50 терапевтикалык койкалуу күндүзгү стационар иштеп келген. Ошол эле учурда ооруканада дарылануу үчүн неврологиялык жана кардиологиялык оорулуулар 1-2 айлап кезек күтүүгө аргасыз болууда.
Медициналык уюмдардын орун жайлары максатсыз пайдаланылган учурлар бар. Маселен, Балыкчы шаарынын балдар ооруканасынын имараты Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча Эсептөө палатасынын балансына өткөрүлүп берилген, Тоң аймактык ооруканасынын физбөлмөсүнүн орун жайы райондук архивдин балансына, ал эми балдар эмканасынын имараты - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укугун каттоо боюнча башкармалыгынын (Мамкаттоо) балансына өткөрүлүп берилген. Улуттук онкология борборунун аймагындагы жер участогу аны мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн.
Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын, Мамкаттоонун, Чолпон-Ата шаардык башкармасынын, Шаар куруу жана архитектура боюнча райондун башкармалыгынын кызмат адамдарынын өз милдеттерине кош көңүл мамилесинин натыйжасында Балдардын "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплексинин (мурдагы "Алтын балалык" БМРК) 2,7 га жер участогу жасалма документтердин негизинде 13 жеке адамга сатылып кеткен.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашпай туруп, Ибн Сина атындагы балдардын Республикалык реабилитациялык борборунун аймагындагы 9,4 га жер участогу токой-парк зонасын уюштуруу үчүн Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн реабилитациялык борбордун аймагындагы жер участогу бөлүп алынып, ал жерге мечит салынган.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен макулдашпастан туруп, курортология жана дарылап калыбына келтирүү боюнча Кыргыз илим-изилдөө институтунун балансында турган 64 кызматтык батир менчиктештирилип кеткен.
Медициналык уюмдардын орун жайларына жана жер участокторуна укук берилчү документтер каражаттын жоктугунун шылтоосу менен жол-жоболоштурулбай турат. Аталган орун жайлардын жана жер участоктордун бардыгы муниципалдык менчик катары эсептелгендигине байланыштуу, мындай шарттарды пайдалануу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу аларды сатып же ижарага берип коюп жатышат.
"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесин бузуу менен, саламаттыкты сактоо уюмдарынын орун жайлары жана жер участоктору менчиктештирилип жатат, аларды алып коюу медициналык жардамдын жеткиликтүү болуусуна жана сапатынын төмөндөшүнө алып келүүдө. Саламаттык сактоо уюмдарынын орун жайларын жана жер участокторун менчиктештирүүдөн алынган каражаттар саламаттык сактоо секторуна кайра инвестицияланбай жатат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына мурда тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана орун жайларынын абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин маалыматы эске алынсын.
II. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1. 2014-жылдын 1-июнуна чейин жер участокторунун жана орун жайлардын абалын (ижарага берилгендигин, менчиктештирилгендигин жана ж.б.) аныктоо үчүн республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарын инвентаризациялоону жүргүзсүн.
2. Мурда саламаттык сактоо уюмдарына тиешелүү болгон жер участокторун жана орун жайларын максаттуу пайдалануу үчүн кайтарып алуу; ал жер участокторунда мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу боюнча чараларды көрсүн.
3. 2014-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө саламаттыкты сактоо уюмдарынын менчиктештирилген жана узак мөөнөткө ижарага берилген максаты боюнча пайдаланылбаган орун жайларын кайтарып алуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын.
4. Саламаттык сактоо уюмдарына тиешелүү болгон жер участокторун жана орун жайларын менчиктештирүүнүн эсебинен алынган акча каражаттары саламаттык сактоо уюмдарына кайра инвестициялансын.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын жер участокторун жана оруп жайларын мыйзамсыз ижарага берүүгө жана менчиктештирүүгө тиешеси бар адамдардын аткаруу бийлик органдарынын жетекчилик кызмат ордун ээлешине жол бербөө сунушталсын.
6. Жер участокторун жана орун жайларды мыйзамсыз ижарага берүү жана менчиктештирүү боюнча аныкталган фактылар боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жиберсин.
7. Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан саламаттык сактоо уюмдарынын жана калкты социалдык коргоо системасынын объектилерин алып салсын.
III. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1. Мурда саламаттык сактоо уюмдарына тиешелүү болгон жер участокторун жана орун жайларын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерсин. Мыйзам бузуулар табылганда аларды саламаттык сактоо уюмдарына кайтаруу боюнча чараларды көрсүн.
2. Көрсөтүлгөн жер участокторунда ижарага берилгендигинин жана менчиктештирилгендигинин мыйзамдуулугу аныкталганча объекттерди куруу жана орун жайларды реконструкциялоо токтотсун.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына мурда тиешелүү болгон жер участокторун жана орун жайларын мыйзамсыз менчиктештирүүгө тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартсын.
4. Тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо, колдонуу эрежелерин аткарбаган күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторуна жана орун жайларына карата козголгон кылмыш иштерин кароону аяктасын.
IV. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1. Саламаттык сактоо уюмдарынын орун жайларын жана жер участокторун мыйзамсыз ижарага берүүгө жана менчиктештирүүгө катыштыгы бар жетекчилерди мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартсын.
2. Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин макулдугу менен жер участокторун жана орун жайларын мыйзамсыз ижарага берүү жана менчиктештирүү фактыларын 2014-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Министрликтин коллегиясында карасын.
V. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай - коммуналдык чарба агенттиги ар түрдүү объектилерди долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди даярдоодо калктуу конуштардын башкы планына ылайык аймакты пландаштыруу боюнча иш-чараларды так аткарууну камсыз кылсын.
VI. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары 2014-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
VII. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|