Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-апрели № 3980-V
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2013-жыл үчүн отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2013-жыл үчүн отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2013-жыл үчүн отчету бекитилсин жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык кылмыштын субъектиси катары мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата прокуратура органдарына тийиштүү жазык иштери боюнча кылмыштарды иликтөөдө тергөөгө тийиштүүлүктү бекем сактасын;
- Финансы министрлиги менен бирдикте укук коргоо органдары териштирген кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу түрдө толтуруу боюнча чараларды кабыл алсын;
- Эсептөө палатасы укук коргоо органдарына берген материалдарга толук кандуу текшерүү жүргүзсүн жана ар бир материал боюнча мыйзамдын алкагында чечим кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна А.Батукаевди эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кызмат адамдарына карата тийиштүү тартиптик чараларды кабыл алуу жөнүндө маселени кароо тапшырылсын жана эки айдын аралыгында анын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине 2014-жылдын 1-августуна, 1-ноябрына карата жана 2015-жылдын 1-февралына карата маалымат берсин.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|