КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-апрели № 3967-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.А.Кочкарова, Б.С.Кадыров, М.Б.Тиленчиева, Н.А.Мадалиев, Э.Б.Иманкожоева, Г.О.Жамгырчиева, Э.А.Сакебаев, И.Ю.Карамушкина, А.Н.Измалкова, М.Г.Мадеминов, Т.Мадылбеков, Т.Бакир уулу, А.Т.Алтыбаева жана Ч.А.Султанбекова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|