Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-апрели № 3981-V
2013-жылдагы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбордун баяндамасы жөнүндө
2013-жылдагы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдагы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбордун директорунун ар жылдык баяндамасы эске алынсын.
2. Көрсөтүлгөн баяндама боюнча 2013-жылдагы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун берилген баяндамасынын жыйынтыктары боюнча төмөнкү сунуштамалары эске алынсын жана төмөнкүлөргө тапшырылсын:
1) Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргелешип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоону жүргүзүп, анын жыйынтыктары боюнча төмөнкү бөлүктөгү сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
- аларга карата кыйноолорду колдонуунун алдын алуу максатында кармалган адамдардын туугандарына анын кармалышы жөнүндө кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө жана токтоосуз маалымдоо;
- кармалган адамдардын туугандарына маалымдоо боюнча милдетти аткарбагандык үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу;
- кылмыш жасоодон шек саналуучуну камакка алуу мезгилин, анын ичинде аны ИВСтин чегинен чыгарган жана кайрылып келген учурларды кошуп алганда жазык процессинин баардык стадияларына көз карандысыз медициналык экспертизага өз убагында жетүүнүн кепилдиктерин белгилөө;
- камакта, эркиндигин чектөө жана ажыратуу жайларында болгон адамдардан өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директорунун, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), ошондой эле адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдардын дарегине корреспонденцияларды цензуралоону чектөөнү белгилөө;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кызмат адамы тарабынан күнөөкөргө карата кыйноолорду жана башка күч колдонулуучу аракеттерди пайдалануу менен алынган маалыматтардын далилдик база катары соттор тарабынан кабыл алынышына жол бербөө боюнча жетекчиликке алынуучу түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу үчүн соттук практиканы иликтөө жана жалпылоо жөнүндө сунуштарды карасын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү сунуштарды карасын:
- кыйноолордун курмандыктары болгон, Кыргыз Республикасынын юрисдикциясынын алдында турган адамдарга Кыйноолорго каршы Конвенциянын 22-беренесинин талаптарына ылайык БУУнун көрсөтүлгөн комитетине кайрылуу укугун берүү максатында кыйноолорго каршы БУУнун комитетинин компетенциясын таануу менен БУУга Кыргыз Республикасынын билдирүүсү жөнүндө, ага ылайык БУУнун Кыйноолорго каршы комитети мамлекеттер тарабынан анын компетенциясы таанылганда жеке адамдардын - кыйноолордун курмандыктарынын билдирүүлөрүн кароого укуктуу;
- кыйноолордун тутумдуу алдын алуу боюнча натыйжалуу ишин жүзөгө ашыруу жана кыйноолор жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасындагы БУУнун атайын баяндамачысынын сунуштамаларын аткаруу боюнча натыйжалуу ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМнин ИВСин, БКМКнын ИВСин, МУККнын ИВСин, МУККнын СИЗОсун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасында көрсөтүлгөн, Стамбул протоколунун принциптерине ылайык ИВСке, СИЗОго келип түшкөн учурда, ошондой эле аларды ИВСтан, СИЗОдон чыгарылгандан кийин кайра жеткирүүдө кармалган адамдардын ден-соолугунун абалын жана денесинде жараттардын болгондугун белгилөө үчүн Медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү формасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында болгон баардык ИВСтерде, СИЗОлордо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кабинеттери жайгашкан коридорлордо көрмөбайкоо камераларын коюу жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кызмат адамдары тарабынан ал органда кыйноолорду колдонуу боюнча териштирилген жагдайларга адистешкен атайын түзүмдүк бөлүкчөнү түзүү жөнүндө маселени карасын.
3. Ушул токтомдун 2 пунктунун 1-4 пп. көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар берилген сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборго ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө берсин.
4. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору өтүп жаткан жылдагы кезектеги ар жылдык баяндаманы Жогорку Кеңешке киргизүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан сунуштамаларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматты жалпыласын жана берсин.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|