КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-сентябры № 639-IV
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча)
дарактарын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатып өткөрүүгө,
даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого
тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын
Президентинин каршы пикирлери жөнүндө
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактарын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатып өткөрүүгө, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 22-майында кабыл алынган "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактарын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатып өткөрүүгө, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
Төрага | А.Тагаев
|