Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 2-октябры № 658-IV
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке
ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) төмөнкү маселелерди карасын:
- КНСтен бошотулган жөнөтүүлөрдүн тизмесине төмөнкүлөрдү киргизүү жөнүндө:
Кыргыз Республикасында басылып чыгарылган окуу китептерин, хрестоматияларды, илимий, көркөм адабий китептерди, маалыматтык адабиятты, журналдарды, ошондой эле балдар үчүн басылмаларды;
социалдык колдоо көрсөтүүгө муктаж граждандарды кесиптик бирликтин саламаттык чыңдоо жайларында саламаттыгын чындоону камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылуучу жөнөтүүлөрдү;
- маалыматтык адабиятты жөнөтүүдө импортту КНСтен бошотуу жөнүндө;
- акциздик товарларды сатуу боюнча ишти ыктыярдуу патенттөө тутумунан чыгарып салуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 388 Кыргыз Республикасынын аймагына 20 тоннага чейин буудай жана ун алып келүүдө бардык салыктардан бошотуу жөнүндө токтомун жокко чыгаруу тууралу;
- төмөнкүлөрдү акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мекемелерин атайын каражаттарга (консулдук жыйымдар) салыктан бошотуу;
кол өнөрчүлүк кооперативдерин сатуу салыгынан;
Улуттук байланыш операторунун почта байланыш бөлүмдөрүн сатуу салыгынан;
Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун ишканалары менен мекемелерин мүлк салыгынан;
Улуттук насыялык бирликтер бирлигин жана кооперативдерди киреше, ошондой эле сатуу салыгынан;
"Бишкек" ЭЭЗсынын субъекттерин мүлк салыгынан (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 375-беренесинин 7-пункту);
"Бишкек" ЭЭЗсынын Башкы дирекциясынын жер салыгынан (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 375-беренесинин 8-пункту);
- К1 региондук коэффициентин белгилөө жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренеси):
Талас району үчүн - район бийик тоолуу жана дотациялык болуп саналгандыгына байланыштуу 0,1;
Кадамжай району үчүн - 0,1;
Ак-Суу району үчүн - 0,2;
Жети-Өгүз району үчүн - 0,2;
Каракол шаары үчүн - 0,3;
- элдик көркөм өнөр же кол өнөрчүлүк продукциясын өндүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттерди КНСти төлөөдөн бошотуу жөнүндө;
- негизги каражаттарды классификациялоонун жана амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоонун 5-тобун (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 200-беренеси) төмөнкү негизги каражаттар менен толуктоо жөнүндө:
"өнөр жайлык, жаңыдан курулган имараттар жана курулмалар - 15 пайыз";
- Баткен жана Лейлек райондору үчүн сугат айдоо жерине жер салыгынын базалык ставкасын 180 сом/га өлчөмүндө белгилөө жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренеси);
- райондук кеңештерге жер салыгынын ставкаларын азайтуу укугун берүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренеси);
- салык кодексинин өзгөчө бөлүгүндө пайдаланылуучу терминдер менен аныктамаларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153-беренеси) "Кол өнөрчүлүк кооперативи" жана "Кредиттик бирликтер" деген түшүнүктөр менен толуктоо жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин төмөнкү мазмундагы жаңы берене менен толуктоо жөнүндө:
"Почта кызматтары, ошондой эле мамлекеттик жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүү боюнча кызматтар Улуттук байланыш операторунун почта байланыш бөлүмдөрү тарабынан почта кызматтарын көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүү боюнча жөнөтүү КНСтен бошотулган жөнөтүүлөр болуп саналат.".
- жер салыгынын өлчөмдөрүн жана төлөө мөөнөттөрүн (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренеси) өзгөртүү жөнүндө: 10 пайыз акы төлөөнү - 30-июнга чейин, 35 пайыз акы төлөөнү - 25-октябрга чейин, 55 пайыз акы төлөөнү - 25-декабрга чейин;
- айыл чарба кооперативдеринин мүлкүнө салык салуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө;
- стандарттык чыгарып салуулардын тизмесине (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 170-беренеси) I жана II топтогу майыптар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 4 өлчөмүндө, ал эми III топтогу майыптар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 3 өлчөмүндө чыгарып салууларды киргизүү жөнүндө;
- киреше салыгын эсептөөдө Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун I, II жана III топтогу майыптары үчүн "минималдуу эсептик киреше" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 176-беренеси) деген түшүнүктү алып салуу жөнүндө;
- киреше салыгы салынбай турган кирешелердин тизмесине (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренеси) төмөнкүлөрдү киргизүү жөнүндө:
Кыргыз Республикасынын Каржы полиция кызматынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна акчалай камсыздандыруу жана компенсациялоо түрүндөгү кирешелери;
социалдык колдоого муктаж жарандарга кесиптик бирликтин бюджетинин каражаттарынан берилүүчү материалдык жардамдын суммасын;
алардын кайра уюштурулушуна, жоюулушуна же штаттарды кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу эмгек келишимин бузууда ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан бошотулуучу кызматкерлерге төлөнүп берилүүчү чыгуу жөлөк пулдарын;
эгерде анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан эсептелген минималдуу керектөө бюджетинин деңгээлинде же андан төмөн болсо, салык төлөөчүнүн эмгек акысын;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өнүгүүнүн мамлекеттик программаларына (долбоорлоруна) ылайык артыкчылыктуу инвестициялык (тармактык жана аймактык) долбоорлорго инвестициялык салык преференцияларынын маселелерин караган бөлүмдү киргизүү жөнүндө;
- банк тутуму үчүн товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатуудан түшкөн кирешени кыйыр салыктарды (КНС, сатуу салыгы, мейманкана салыгы) төлөөдөн бошотулган каржы кызматтарынын суммасына азайтылган салык боюнча салыктык база белгилөө жөнүндө;
2) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2008-жылдын ноябрында маалымдасын.
Төрага | А.Тагаев
|