Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 10-октябры № 680-IV
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери
боюнча агенттигинин маалыматы жөнүндө
Бир катар министрликтер менен администрациялык ведомстволордо түзүлгөн мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү жергиликтүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу болгон статс-катчылар институтунун ишиндеги бир жактуу эмес кырдаалга байланыштуу, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги өтүп жаткан жылдын 9 айынын ичиндеги өз иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2008-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен берсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитети (А.А.Сабиров) менен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрү депутаттар М.Н.Исановага, Б.Т.Иманалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|