КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 16-октябры № 683-IV
2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Депутат А.А.Арапбаевди Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"2008-жылдын 20-майындагы № 235 "Буудай данына, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн караманын уругуна ташып кетүү (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Шабатоевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Жээнбековдун уулу Б.Ж.Амиражановдун жоголуу фактылары боюнча иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдарынын маалыматы тууралу;
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Балдарга эмчек эмизүүнү коргоо жана балдардын жасалма тамактануусу үчүн азыктар менен каражаттардын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.
Төрага | А.Тагаев
|