КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 16-октябры № 689-IV
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор
киргизүү жөнүндө" ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Молдошева, Д.А.Ниязалиева, И.В.Летова жана Г.Т.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети (Н.И.Байло), Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова) жана Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитети (И.Ш.Өмүркулов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|