Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 23-октябры № 690-IV
2008-жылдын 23-октябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 23-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын 2008-жылдын октябрындагы шайлоочулар менен ишин ноябрга которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Депутат З.Бекенованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин И.Т.Гайпкуловду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын кызматына шайлоо жөнүндө сунушу тууралуу;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 21-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Врачтар чек арасыз (ВЧА) гуманитардык уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Врачтар чек арасыз гуманитардык уюмунун статусу жана артыкчылыктары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Москва шаарында 2004-жылдын 25-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин товарларды импорттоонун жана экспорттоонун, ошондой эле ага байланыштуу иштин айрым түрлөрүн лицензиялоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын энергетикасындагы түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Депутат З.Бекенованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин курамынан чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | А.Тагаев
|