Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 23-октябры № 702-IV
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана
өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин
каршы пикирлери жөнүндө
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 26-июнунда кабыл алынган "Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн жана натыйжалуу иштешинин укуктук негиздерин аныктаган жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жер-жерлерде көчмө жыйналыштарды өткөрүү менен республикадагы эркин экономикалык зоналардын ишин иликтөө боюнча комиссия түзсүн;
- комиссиянын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Ш.Кыдыровдун талапкерлигин карап, Жогорку Кеңештин депутаттарын комиссиянын курамына киргизсин.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|