Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 30-октябры № 711-IV
"Кыргыз Республикасынын коргонуу жана Куралдуу
Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
карата Кыргыз Республикасынын Президентинин
каршы пикири жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын коргонуу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын коргонуу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
Төрага | А.Тагаев
|