Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 30-апрели № 4019-V

"2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 21-январындагы № 43 токтому) "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Келишим күчүнө киргенден кийин төмөнкү маселелер боюнча ага киргизилген өзгөртүүлөрдү түрк тарап менен иштеп чыгуу тапшырылсын:

- Университеттин ректорун жана биринчи проректорун Тараптардын кезек менен дайындоосу боюнча;

- Университеттин чет элдик окутуучуларынын жана кызматкерлеринин ишке уруксат алуусунун зарылчылыгы;

- Университеттин аймагында бардык объектилердин (административдик жана окуу имараттарынын, кампустардын) курулушун 2020-жылга чейин аяктоо;

- 2020-жылга чейин ушул келишимдин алкагында Түркиядан, ошондой эле башка чет өлкөлөрдөн алынып келинген курулуш материалдары үчүн бажы салыктарынан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу мөөнөтүн белгилөө.

 

   

 

 

Төрага

А. Жээнбеков