Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 4033-V
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында Баткен областынын аймагында түзүлгөн кырдаал жөнүндө
Баткен районунда үстүбүздөгү жылдын 7-майында болуп өткөн инциденттин натыйжасында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында Баткен областынын аймагында түзүлгөн кырдаал жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри А.Ш.Суранчиевдин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Р.С.Дүйшенбиевдин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Д.О.Чоткараевдин жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаевдин маалыматтарын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен районунда үстүбүздөгү жылдын 7-майында болуп өткөн инциденттин натыйжасында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында Баткен областынын аймагында түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалыматтар эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катышуусу менен Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине чыр-чатактуу кырдаалдын пайда болушуна көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик чек аранын жанындагы чыңалууну жоюу максатында инцидент болуп өткөн жерге баруу менен жыйын өткөрүү тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берилсин.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|