Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 4010-V
"Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкарууну жана тескөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 36-пункт менен толукталсын:
"
36 | Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан аянты 6,5 га жер участогу бар "Достук" эс алуу үйү жана "Достук" эс алуу үйүнүн аймагына мыйзамсыз кошулган 8,41 га жер участогу |
";
- аталган токтомдун № 2 тиркемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|