Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2013-жылдын 12-июну № 3198-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 173-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиева Гүлнара Оморовна калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын.
2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жамгырчиева Гүлнара Оморовна жана Кутушев Абдыманап Орозбаевич Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын.
3. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 166-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мадалиев Нуркамил Апишевич жана Кутушев Абдыманап Орозбаевич "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадалиев Нуркамил Апишевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясына делегатталсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нарматова Надира Азимовна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясына делегатталсын.
5. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рыспаев Кожобек Жайчибекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
Төраганын орун басары |
| Т. Зулпукаров |