Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 2431-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөр
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ыргал Кармышаковна Кадыралиева Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилүү менен социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлниза Жумабековна Бейшенбаева Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 173-V "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Абдыразаковна Талиева Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын.
3. 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Абдыразаковна Талиева Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
Төрага |
| А. Жээнбеков |