Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-майы № 4055-V
Жеткиликтүү турак жай куруунун жалпы мамлекеттик программасын даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жайга укугун жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1 жана 3-пункттарында белгиленген мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын турак жай курулушун колдоо, чоң эмес деңгээлде кирешелери бар адамдар, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери, коргоо, коопсуздук жана укук тартиби органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн турак жайга укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча практикалык шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жеткиликтүү турак жай куруунун жалпы мамлекеттик программасынын долбоорун эки айлык мөөнөттө даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (К.С.Самаков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|