Редакцияот 21.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-майы № 4057-V

"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтомунун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы юридикалык күчүнө киргенине жана ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 Төрага

А.Жээнбеков