Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11- июну № 4143-V
«2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 17-мартындагы № 153 токтому) «2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө урандын кендерин жана сейрек кездешүүчү металлдын кендерин кайра иштетүү боюнча көзөмөлдөөнү мамлекеттик органга жүктөө сунуш кылынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |