Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-июну № 4144-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
"Ата-Журт" парламенттик фракциясынан депутат Исаева Динара Шертаевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына киргизилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |