КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-июну № 4147-V
"2013-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, "2013-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"2013-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы жактырылбасын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|