КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-июну № 4122-V
«Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргнзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 23-октябрындагы № 741 токтому) «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине (Д.А. Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында айтылган, стенограмманын негизинде алынган сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республиканын Жогорку Кенештин кароосуна үчүнчү окууга киргизилсин.
|
| |
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
| |