Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 31-октябры № 721-IV
Ж.Сурабалдиевдин үй-бүлөсүнө, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери Б.Айтматовго,
И.Санжировго зыяндын ордун толтуруу төлөп берүү жөнүндө
2005-жылдын 10-июнунда кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Сурабалдиев курман болуп, анын жардамчысы Б.Айтматов денесинен оор жараат алып, 2005-жылдын 20-октябрында кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин ишин камсыз кылуу боюнча бөлүмүнүн башчысы И.Санжиров денесинен оор жараат алган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 225-беренесине ылайык жумуш берүүчү кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө кызматкерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти көрсөтүлгөн Кодекс тарабынан белгиленген ченемдер боюнча тартат.
Жогорку баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ж.Сурабалдиевдин үй-бүлөсүнө, Б.Айтматовго, И.Санжировго келтирилген материалдык зыянды төлөп берүү үчүн зарыл болгон каражаттарды 2008-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттерде карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси С.С.Касмамбетовго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусу М.Н.Амракуловго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы О.Сурановго төмөнкүлөр тапшырылсын:
- көрсөтүлгөн адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон документтердин баарын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-апрелиндеги № 175 токтому менен бекитилген Кызматкерлерге мертинүү, кесиптик оору же болбосо эмгектик милдеттерин аткаруу менен байланыштуу ден соолугунун башка бузулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эрежелери тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык жол-жоболоштурсун;
- бир жолу берилүүчү жөлөк пулду, ай сайынкы төлөөлөр менен компенсацияларды төлөп берүүнүн тартибин аныктасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.А.Турсунбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|