Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 31-октябры № 722-IV
"1991-жылдын 31-августундагы № 575-ХII "Кыргыз
Республикасынын Коммунисттик партиясынын иши жана анын
мүлкү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин
токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун
долбоору жөнүндө
"1991-жылдын 31-августундагы № 575-ХII "Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын иши жана анын мүлкү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору боюнча Жогорку Кеңештин депутаты И.А.Масалиевдин сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин 2008-жылдын 7-октябрындагы № 1/134 корутундусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул токтомду күчүн жоготту деп табууну Кыргызстандын тарыхый чындыгында орун алган саясий окуяларга укуктук баа берүүнүн аракети катары баалоого мүмкүн экендигин белгилейт жана бул маселе мыйзам чыгаруу органынын компетенциясына кирбейт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутагына бөлүүнүн, республикадагы мамлекеттик бийлик органдарынын аткаруучу милдеттери менен ыйгарым укуктарын чектөөнүн конституциялык принциптерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Масалиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "1991-жылдын 31-августундагы № 575-ХII "Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын иши жана анын мүлкү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору четке кагылсын.
2. Аталган токтом долбоорунун демилгечисине бул маселе боюнча сот органдарына кайрылуу сунуш кылынсын.
Төрага | А.Тагаев
|